Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:33

Каримов: ШКУ саммити дүйнө коомчулугунун көңүл чордонунда турат


"Эртең Бишкекте өткөнү жаткан Шанхай кызматташтык уюмунун саммити дүйнө коомчулугунун көңүлүн өзүнө бурган окуя болууда", - деди бүгүн өзбек президенти Ислам Каримов Бишкекте кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев менен жолугушууда. Ал Иран, Орусия, Кытай сыяктуу өлкөлөрдүн башчыларынын бир жыйынга чогулушу бул окуянын маанилүүлүгүн арттыраарын айтты. Саммиттин күн тартибиндеги маселелерге токтолуп, Ислам Каримов, Сириядагы кырдаал, дүйнөлүк глобализация процесстеринин зыян-пайда маселесин да козгоду.

Өз кезегинде Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Ислам Каримовго 2010-жылдын июн окуясы учурунда көрсөткөн жардамы үчүн ыраазылык айтты. Кыргыз эли ал колдоону эч убакта унутпасын билдирди.

Июн окуясы учурунда Өзбекстан кыргыз тараптан келген жүз миңдеген качкынды убактылуу кабыл алган, гуманитардык жардам көрсөткөн.

Эртең Бишкекте ШКУ саммити өткөнү жатат. (EBM/RK)

XS
SM
MD
LG