Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:24

Бейөкмөт уюмдарга бут тосуу башталдыбы?


Москвадагы "Мемориал" укук коргоо борборунун имаратына белгисиз бирөөлөр "чет элдик тыңчы" деп жазып кетишкен.
Москвадагы "Мемориал" укук коргоо борборунун имаратына белгисиз бирөөлөр "чет элдик тыңчы" деп жазып кетишкен.

Чет жерден каржыланып, саясий ишмердүүлүк менен алектенген өкмөттүк эмес уюмдарды чет элдик тыңчы деп табуу боюнча мыйзам долбоору сунушталды.

Бирок бул демилге жарандык коомдун каршылыгына кабылды. Бир катар бейөкмөт уюмдар аталган мыйзам долбоорун колдобоого чакырып, Жогорку Кеңешке кайрылуу жолдошту.

“Ар-намыс” фракциясынын эки депутаты: Турсунбай Бакир уулу менен Нуркамил Мадалиев өз уставындагы ыйгарым укуктардан аша чаап, саясий ишмердүүлүк менен алектенген өкмөттүк эмес уюмдар чет элдик тыңчы катары кабыл алынышы керек деген демилге көтөрдү. Бул үчүн алар "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө", “Юридикалык уюмдарды жана филиалдарды каттоого алуу жөнүндөгү” мыйзамдарга жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүүнү сунуш кылышууда.

Депутат Турсунбай Бакир уулунун айтымында, чет мамлекеттен, эл аралык уюмдардан жана чет өлкөлүк жеке адамдар тарабынан каржыланып, бирок саясий ишмердүүлүк менен алектенген бейөкмөт уюмдар тыңчы деп табылып, ишмердүүлүгү токтотулушу керек.

- Кээ бир уюмдар аша чаап, адам укуктары менен алектенбей, саясатка аралашып кетип жатат. Бул мыйзамдын жаралышынын негизги себеби да ушул болду. Ал уюмдардын каржылоо булактарын аныктап, эгер алар чет жактан атайын саясат үчүн каржыланып жатса, мыйзам менен жоопко тартышыбыз керек.

Бирок депутаттар өз уставынын чегинен чыкпаган билим берүү, саламаттыкты сактоо, жалпы эле социалдык багыттагы бейөкмөт уюмдардын ишине бул мыйзам эч кандай бөгөт болбойт деп ишендирүүдө.

- Бул мыйзам өз уставына ылайык иштеп жаткан бейөкмөт уюмдарга тиешеси жок. Мисалы, майыптар, аялдар жана балдар менен иштеген уюмдар бар. Мыйзамдын аларга тиешеси жок.

Эки депутаттын мыйзам долбоору жарандык коомдун сынына кабылды. “Кылым шамы” жана “Ачык позиция” бейөкмөт уюмдары Жогорку Кеңеш депутаттарына жана спикерге кайрылуу жолдоп, ал мыйзам долбоорун кароодо эл аралык эрежелерге көңүл бурууга чакырышкан.

“Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун төрайымы Азиза Абдрасулова аталган мыйзам долбоору Орусиядан көчүрүлүп алынганын айтты.

- Орусиянын ушундай мыйзамын көчүрүп алышып, кыргызстандыктарга сунуштап жатат. Булар өздөрү адам укугу эмне экенин да түшүнүшпөй жатат жана аны сыйлабагандык кылышууда. Өкмөттүк эмес уюм десе эле ал мамлекеттин душманы деп ойлобош керек. Керек болсо, бул уюмдар ошол депутаттарга караганда мамлекетке көп жардам берип, бүткүл интеллектуалдык күчүн жумшап келатышат. Алар мамлекеттен бийлик да, айлык да сурашкан жок.

Мамлекеттик Дума
Мамлекеттик Дума
Айтылгандай эле бир жыл мурда Орусиядагы адам укуктарынын бузулушу менен күрөшкөн, шайлоолорго байкоо салган бейөкмөт уюмдарды чет элдик тыңчы деп тааныган мыйзам кабыл алынган.

Турсунбай Бакир уулу Орусиянын мыйзамын негиз кылып алышканын, бирок өздөрү да ага алымча-кошумчаларды киргизгенин билдирди.

- Өзүбүз да кошконбуз. Бирок даяр идея турса, “жаңы велосипед ойлоп таап” эмне кылабыз? Орусиянын да тажрыйбасын алдык. Муну плагиат дебейт, жакшы жагын алгандык деп айтат.

“Эркин эл” саясий партиясынын төрагасы Мавлян Аскарбеков бул сыяктуу мыйзам Орусияда гана эмес, АКШда да бар экенин айтып, мыйзам долбоору керек деп эсептейт.

- Казакстандагы, Өзбекстандагы, Түркмөнстандагы жана Тажикстандагы бейөкмөт уюмдардын санын кошкондо да саны биздеги уюмдарга жетпейт. Бирок бул башкалар айткандай, демократиянын белгиси эмес.

Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун аталган мыйзам долбоорун депутаттар колдобойт, колдосо да ага президент кол койбойт деген ишенимде.

- Өкмөттүк эмес уюмдарды тыңчы деп, Орусиянын жолуна түшө турган болсок, жакшылыкка алып барбайт. Орусия деген полициялык жолго түшүп алган мамлекет. Бул эл аралык эрежелерге туура келбеген мыйзам.

Ал эми “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун төрайымы Азиза Абдрасулованын маалымдашынча, өкмөттүк эмес уюмдардын бир жылда мамлекетке салык түрүндө төккөн акчасы бюджеттин киреше бөлүгүнүн 2,5 пайызын түзөт.

- Ачык-айкын иштеп, бир тыйын да жашырбай, мамлекетке салыктарды убагында төлөп жаткандар өкмөттүк эмес уюмдар болууда. Мамлекеттик бюджеттин кирешесинин 2,5 пайызын бейөкмөт уюмдар берет. Бул Саламаттыкты сактоо министрлигинин бир жылдык бюджети деген сөз.

Мыйзам долбоорунун авторлору Турсунбай Бакир уулу менен Нуркамил Мадалиев өздөрүн акыйкатчылыкка талапкер кылып көрсөтүшкөн. Бирок укук коргоочулар адам укугун коргогон бейөкмөт уюмдардын иш-аракетине бут тоскон мыйзамды сунуштаган депутаттар акыйкатчы болууга татыксыз деп санашууда. Ал эми демилгеленген мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Кыргызстанда катталган бейөкмөт уюмдардын саны он миңден ашуун. Бирок алардын ичинен 1,5 миңдейи гана активдүү иш жүргүзөт.

XS
SM
MD
LG