Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:34

Путин учактын мүчүлүштүгүнө байланыштуу кечигүүдө


ИТАР-ТАСС агенттигинин маалыматы боюнча Орусия президенти Владимир Путин жана аны коштогон делегация отурган ТУ-214 учагы асманга көтөрүлөөр алдында техникалык жетишпестиктер аныкталган. Делегация мүчөлөрү жана аларды коштоп жүргөн журналисттерге башка ИЛ-96 учагы берилген.
Бүгүн Бишкекке ШКУ саммитине катышуу үчүн Ооганстан, Иран, Монголия, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын президенттери келишти. Орус президенти Владимир Путин түн жарымында келери мурда кабарланган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG