Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:44

Сирия боюнча АКШ - Орусия сүйлөшүүлөрү уланат


АКШ мамкатчысы Жон Керри менен Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров Сирияны химиялык куралсыздандыруу боюнча орустардын сунушун талкуулоону улантышат. Бейшемби күнү тараптар Сирия маселеси боюнча бир пикирге келе алышкан эмес, Керри Асад химиялык куралын өткөрүп бербесе, ага каршы аскердик операция зарыл деп белгилесе, Лавров маселе тынчтык жолу менен чечилүүгө тийиш деди.
Башар Асад шейшембиде Орусиянын телеканалына курган маегинде Сирия химиялык куралын Орусиянын сунушу үчүн гана өткөрүп берүүгө даяр экенин билдирген. Ошондой эле Асад Сирия химиялык куралга каршы глобалдык келишимге кошулууга даяр экенин айткан.
Сирия өкмөтү химиялык курал колдонду деген маалыматтан кийин АКШ президенти Барак Обама Сирияга сокку уруу зарылдыгын айтып чыккан.

XS
SM
MD
LG