Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:38

КСДП Кумтөр боюнча токтомдун аткарылышын талкуулайт


14-сентябрда Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясы кыргыз өкмөтү менен “Центерра Голд” компаниясынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын талкуулайт. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан кабарлашты.Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев баш болгон өкмөт мүчөлөрү сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу маалымат бермекчи.

Ушул жуманын башында өкмөт менен “Центерра Голд” "Кумтөр" ишканасын биргелешип иштетүү боюнча түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту. Ага ылайык, тараптар биргелешкен ишкана түзүп, анда ар бири 50 пайыздан теңме-тең үлүшкө ээ болууну сунуштоодо. Ага Кыргызстан жетекчилик кылмакчы. Жогорку Кеңеш "Кумтөр" ишканасы боюнча келишимди өркүндөтүү боюнча “Центерра Голд” менен сүйлөшүүлөрдү баштоону өкмөткө 21-февралда тапшырган. Бул сүйлөшүүлөргө алгач июнга чейин убакыт берилип, андан соң ал мөөнөт 10-сентябрга чейин узартылган болчу.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG