Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:16

Бишкек: кечинде көчөлөр кыска мөөнөткө жабылат


Бишкектин Манас, Жибек-Жолу, Фучик көчөлөрү кечки саат алтыдан тарта улам кыска мөөнөткө, кортеж өтүп кеткенге чейин жабылып турат. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Бакыт Сеитов маалымдады. Ушул тапта жолдордун баары ачык.

Бакыт Сеитовдун билдиришинче, акыркы 2-3 күндөн бери жаралган ыңгайсыздык 14-сентябрда толугу менен токтойт.

Бишкекте бүгүн Шанхай кызматташтык уюмунун 13-саммити өтүп жатат. Анын алгачкы коноктору Бишкекке 10-сентябрда келген.

Шаардык милиция билдиргендей, борбор калаада 300 миңден ашуун унаа ары-бери каттап турат. Шаарга кирип-чыккандарды кошкондо 400 миңге жетет. (AKu)

XS
SM
MD
LG