Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:33

Путин Сириянын чечимин кубаттады


Сириянын химиялык куралга тыюу салган конвенцияга кошулуу чечими кубаттоого арзыйт. Бул тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путин Шанхай кызматташтык уюмунун Бишкектеги саммитинде билдирди. Бул кадам Дамаск өкмөтү жаңжалды жөнгө салууга “олуттуу түрдө ниеттенип жатканын” далилдейт, - деди Путин. Кытай менен Иран да Сириянын чечимин кубатташты.

12-сентябрда Бириккен улуттар уюму Дамаск химиялык куралга тыюу салуу боюнча 1997-жылдагы Конвенцияга кошулуу арызын тапшырганын бышыктады.

Апта башында Орусия Сирия химиялык курал арсеналын эл аралык инспекторлордун көзөмөлүнө өткөрсүн деген сунушун киргизген.

Ушул тапта АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри жана орус тышкы иштер министри Сергей Лавров Женевада бул демилгени талкуулап жатышат.

Кечээ Сириянын президенти Башар Асад химиялык куралды өткөрүүгө макул болгонун, бирок муну АКШнын аскерий сокку тууралуу эскертүүлөрүнөн коркконунан эмес, Москванын дипломатиялык аракеттеринен улам жасап атканын белгилеген.

Вашингтон 21-августта Дамасктын четинде болгон газ чабуулу үчүн Асад режими жооптуу деп эсептейт. Сирия өкмөтү болсо бул айыптоолорду четке кагууда.

XS
SM
MD
LG