Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:48

ШКУ Иранга санкция киргизүүгө камтамачылык билдирди


Бул тууралуу бүгүнкү Шанхай кызматташтык уюмунун Бишкекте кабыл алынган декларациясында айтылат. Ага ылайык, ШКУга мүчө мамлекеттер Ирандын өзөктүк программасынын айланасындагы кырдаалга камтамачылыгын билдирди. Иранга кайсы бир өлкөлөрдүн бир тараптуу аскердик күч колдонуу коркутуусун жана санкцияларды киргизүүсүн ал өлкөлөрдүн Иранга каршы саясаты деп баалайт. Эгер кырдаал дал ушундай конфронтациялык нукта өнүксө аймактагы жана эл аралык коопсуздук,тынчтыкка олуттуу жана күтүүсүз кесепеттерди алып келет деп санайт. Ошондуктан, ШКУга мүчө мамлекеттер Бишкек декларациясында эл аралык коомчулукту Ирандын өзөктүк программасындагы кырдаалга карата жоопкерчиликтүү, сабырдуу мамиле кылууга жана муну тынчтык жол менен чечүүгө чакырган.(BkA\EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG