Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:16

Бишкекте Орусия менен Ирандын президенттери жолукту


Бишкектеги “Ала-Арча” резиденциясында Орусиянын президенти Владимир Путин менен Ирандын президенти Хасан Роухани сүйлөшүү өткөрүштү. Эки лидер Сириядагы соңку кырдаал, Ирандын өзөктүк программасы жана коопсуздук маселелери боюнча пикир алмашты. Бул Хасан Роуханинин президенттикке шайланган соң Путин менен алгачкы жолугушуусу.

Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин жүрүшүндө Владимир Путин Ирандын атомдук энергияны тынчтык максатта колдонууга жана байытууга укугу бар экенин жана бул өлкөнүн өзөктүк программа боюнча ачык саясат жүргүзүү демилгесин колдоого алаарын билдирген.

Ошондой ШКУга мүчө өлкөлөр бүгүн кабыл алган декларацияда Ирандын өзөктүк куралдан улам бир тараптуу аскердик күч колдонуу коркутуусун жана санкцияларды киргизүүнү туура эмес деп баалаган. Ирандын президени Роухани болсо Орусиянын Сирия боюнча позициясын колдой турганын билдирген болчу. (BkA\ZB)

XS
SM
MD
LG