Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:21

ШКУ-2013: Башкы саммит жыйынтыкталды


Шанхай кызматташтык уюмунун Бишкек саммити аяктады. Уюмга мүчө-мамлекеттердин башчылары анын жыйынтыгы боюнча декларация кабыл алышты. Документте лидерлердин маанилүү региналдык жана глобалдуу проблемалар боюнча позициясы чагылдырылган.
Эл аралык мамилелер ушу тапта олуттуу өзгөрүүлөрдү башынан кечирип жатканын белгилеген президенттер сепаратизм, терроризм жана экстремизм, наркоаткезчилик, уюшкан кылмыштуулук, дүйнөлүк экономиканын бейстабилдүүлүгү, климаттык өзгөрүүлөр жана бир катар маселелерди атап, Ооганстан, Сирия, Иран, Түндүк Кореянын айланасындагы абалга токтолушту.

Алар Ирандын өзөктүк программасынын айланасындагы кырдаалга камтамачылыгын билдиришти жана бир тараптуу аскердик күч колдонуу тууралуу корктуулар, санкциялар кабыл алынгыс деп белгилешти.

Уюмдун мүчөлөрү Ооганстанда көз каранды эмес, нейтралдуу, бейпил мамлекет курууну колдошот. Улуттук жарашууну оогандар өзүлөрү ишке ашырууга тийиш.

Ушул октябрда Ооганстан боюнча эл аралык конференция Бишкекте өтөөрүн Алмазбек Атамбаев жыйында жарыялады.

Бишкек декларациясында президенттер Сириядагы кырдаалды жөнгө салуу үчүн сырттан күч колдонулушуна каршы деп, ал өлкөнүн химиялык курал арсеналын эл арлык көзөмөлгө алуу демилгесин жана Дамаск өкмөтүнүн химиялык куралга тыюу салуу боюнча эл аралык конвенцияга кошулуу чечимин кубатташаарын билдиришти.

Эмки саммит 2014-жылы Тажикстанда өтмөкчү.

Шанхай кызматташтык уюмуна Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан кирет. Иран, Индия, Монголия, Ооганстан жана Пакистан байкоочу деген макамага ээ. (AA)

XS
SM
MD
LG