Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:48

Мексикада демонстранттар менен полиция кагылышты


Борбор Мехиконун башкы аянтынан демонстранттарды сүрүп чыгаруу үчүн полиция көздөн жаш агызуучу газ жана суу бүркүгүчтөрдү колдонду. Отуздан ашуун киши камалды.

Өкмөттүн билим берүү реформасына, атап айтканда окутуу стандарттарынын күчөтүлүшүнө, мугалимдерден өз жумушун кийин балдарына өткөрүп берүү укугунун алынышына нааразы болгон билим берүү кызматкерлери бир нече күндөн бери борбордук аянтта чатыр тигип отурушкан.

Мугалимдердин нааразылыгы президент Пенья Ньетонун бийлиги үчүн алгачкы олуттуу проблема катары каралууда. Анткени демонстрацияларга өкмөткө оппозицияда турган солчулдардын да бир бөлүгү кошулуп кетти.

Президент Пенья Ньетто бийликке былтыр декабрда келип, Мексика экономикасын бир нече реформалар аркылуу жандандырууну убада кылган. (UE)

XS
SM
MD
LG