Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:46

Ооганстанда жанкечти үч кишини мерт кылды


Коопсуздук күчтөрү Гератта АКШ консулдугунун сыртында жанкечти жардырган унааны текшеришүүдө. 13-сентябрь, 2013-жыл.
Коопсуздук күчтөрү Гератта АКШ консулдугунун сыртында жанкечти жардырган унааны текшеришүүдө. 13-сентябрь, 2013-жыл.
Өлкө түштүгүндөгү Кандагар шаарында бомбаланган унаанын жарылуусунан үч жөн-жай тургун каза тапкандан тышкары дагы алты киши жаракат алды.

Аймактагы армия кол башчыларынын бири Абдул Хамид “Азаттыктын” ооган кызматына билдиргендей, жанкечти НАТО аскерлеринин кербенин бутага алууну көздөгөн, бирок унаасы ичине катылган бомбаларды Кандагардын жанындагы жолдон эртерээк жардырып жиберген. Бул жардыруу үчүн "Талибан" кыймылы жоопкерчилик алды. Козголоңчулар ошондой эле АКШнын Герат провинциясындагы консулдугуна кечээ жасалган чабуул үчүн да жоопкер болушту.

Ооган расмий өкүлдөрүнүн айтымында, АКШ консулдугуна жасалган чабуулдан жергиликтүү эки сакчы, бир котормочу мерт болгон. Кол салгандардын тогузу жок кылынган. (UE)

XS
SM
MD
LG