Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:29

Социал-демократтар фракциясы Кумтөр маселесин талкуулашты


“Центерра Голд” компаниясы менен макулдашуу тууралуу кыргыз өкмөтү бүгүн Социал-демократтар фракциясына маалымат берди. Бул тууралуу “Азаттыкка” фракция лидери Чыныбай Турсунбеков билдирди.

“Өкмөт оператордук компанияга биринчи вице сыяктуу жетекчи кызматкерлер Кыргызстан тараптан алынсын деп сунуштаптыр. Бирок канадалык компания учурдагы жетекчилер кемчилик кетирбесе, иштеп турушун суранган. 2009-жылкы келишимде каралган төлөмдөр күчүндө кала турганын билдиришти”, - деди Турсунбеков.

Бүгүн фракция өкмөт мүчөлөрүнүн маалыматы менен таанышып, талкуу жүрдү. Көпчүлүк коалициянын жыйынында чечим кабыл алынат. Фракциянын жыйынына өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев да катышты.

Апта башында кыргыз өкмөтү менен “Центерра Голд” “Кумтөр” ишканасын биргелешип иштетүү боюнча меморандумга кол коюшкан. Ага ылайык, “Центерра Голд” биргелешкен ишкана түзүп, тараптар 50 пайыздан үлүшкө ээ болушун, директорлор кеңешиндеги мүчөлөрдүн саны эки тараптан бирдей болушун сунуштаган. Кыргыз өкмөтү болсо кеңештин төрагасын Кыргызстандан дайындайлы деген.

Ушул жылы Жогорку Кеңеш өкмөткө “Центерра Голд” менен “Кумтөр” боюнча келишимди өркүндөтүүнү тапшырган. (AKu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG