Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:53

Иракта жанкечти жыйырмадан ашуун адамдын өмүрүн кыйды


Дарыгерлер менен полициянын айтымында, окуя түндүктөгү Мосул шаарына жакын жерде болду.

Жанкечти өзүн шабах улуттук азчылыгындагылардын адамды акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсү учурунда жардырып жиберген. Андан 11 кишинин өмүрү кыйылгандан тышкары дагы 20дан ашуун киши жаракат алган.

Саны 30 миңдей келген шабах жамааты башка тилде сүйлөйт жана исламдагы диний масхабы боюнча шийиттерге жакыныраак. Алар Мосулдун айланасындагы кыштактарда жашашат. Мосулда болсо суннит мусулмандар көптүк кылат.

Быйыл Иракта кыянатчылыктар, анын ичинде диний негиздеги араздашуулар күчөп, 4000дей кишинин өмүрү кыйылды.

Бүгүн Ирактын башка бөлүгүндөгү бомба жардыруулар менен ок атуулардан беш киши мерт кеткен. (UE)

XS
SM
MD
LG