Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:08

Сириянын химиялык куралы 2014-жылдын ортосуна чейин жок кылынышы керек


Мындай шарт АКШ менен Орусия Сириянын өзөктүк куралы боюнча бүгүн макулдашкан планда айтылган.

Женевадагы үч күндүк сүйлөшүүлөрдөн кийин тараптар макулдашууга жетишкенин АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри менен орус тышкы иштер министри Сергей Лавров жарыялашты. Алардын айтымында, Сирия эми өзүнүн химиялык куралынын толук тизмесин бир аптанын ичинде бериши керек.

Мамлекеттик катчы Жон Керри Женевадагы басма сөз жыйынында буларды айтты:

- АКШ жана Орусия Сириянын химиялык куралын эң жакынкы убакта жана коопсуз ыкма менен жок кылууну көздөйт. Биз Сирия толук тизмени 30 күндө эмес, бир аптада бериши керектигин макулдаштык. Мунун кошумча деталдары жакынкы аралыкта каралат. Биз Сириянын химиялык куралын кылдат текшерүү жана тезинен жок кылуу үчүн Химиялык курал боюнча конвенциянын алкагындагы кошумча процедураларды колдонууга милдеттеме алдык.

АКШ жана Орусия макулдашкан план Сирия эмнелерди аткаруусу керектигин жана алардын мөөнөтүн да камтыйт. Эки тарап эгер Дамаск ошол иштерди аткарбаса, Керри кошумчалагандай, БУУнун Коопсуздук кеңешинде резолюция кабыл алдырууга аракеттенүүнү, ал аскерий чарага уруксат бериши мүмкүндүгүн да макулдашышкан.

Документте көрсөтүлгөндөй, курал инспекторлору Сирия аймагына быйыл ноябрь айынан кеч калбай кирүүсү керек. Расмий Дамаск макулдашууга реакциясын билдире элек. Ал эми Эркин Сирия армиясы АКШ-Орусия макулдашуусун четке кагып, президент Башар Асадды кулатуу үчүн күрөшүн улантарын айтып чыкты.

Эркин Сирия армиясынын кол башчысы, Салим Идрисс Стамбулдагы басма сөз жыйында билдиргендей, ал макулдашуу "убакыт жагынан утууну" гана көздөйт.

Кечээ Улуттар уюму Сирия өкмөтү Химиялык куралдар боюнча конвенцияга кошулуу үчүн арыз бергенин маалымдаган, бирок ал кабыл алынганын ырастай элек.

Обама Сирия боюнча макулдашууну кубаттап, Дамаск аны аткарарына үмүт артты. Бирок Пентагондун айтымында, АКШ күчтөрү али да Сирияга сокку урууга даяр абалында турат.

Орусиянын Сириянын химиялык куралына эл аралык көзөмөл орнотуу сунушунан кийин АКШ президенти Барак Обама Сирия бийлигине каршы аскерий операцияга Конгресстен уруксат алуу маселесин кийинкиге калтырып койгон.

БУУнун эсебинде, Сирияда 30 айга аяк баскан жаңжалда 100 миңдей кишинин өмүрү кыйылды, эки миллиондой адам качкын болду.

АКШ жана анын өнөктөштөрү Сирия өкмөтүн быйыл 21-августта Дамасктын жанында химиялык газ колдонуп, жүздөгөн адамдарды өлтүргөн деп айыптоодо. Асад жана Орусия бул үчүн жоопкерчиликти козголоңчуларга жүктөп жатышат. (UE)

XS
SM
MD
LG