Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:31

Көк бөрү: Азия чемпионатында кыргызстандыктар финалда


11-сентябрдан бери Астанада өтүп жаткан Көк бөрү боюнча биринчи Азия чемпионаты бүгүн жыйынтыкталганы турат. Мында 9 өлкөнүн улакчылары мөөрөй талашууда.
Кыргызстандык улакчылар В тобунда Кытай, Өзбекстан жана Түркиянын командалары менен беттешип, аларды ири эсеп менен жеңип, баш байгеге талапкер болду.

Алар эң негизги атаандашы Казакстандын командасы менен финалда ойногону турат. Кыргызстандын тандалма командасынын курамын Ысык-Көлдүн “Кабылан”, Сокулуктун “Кожомкул”, Чүйдүн “Суусамыр” жана Бишкектин “Бөрүлү” командаларынан тандалган оюнчуларынан түзүлгөн.

Көк бөрү боюнча Азия чемпионаты Астанада алгач ирет өтүп жаткандыктан жалпы байге фонду 150 миң АКШ долларын түздү. Биринчи орунду ээлеген команда алгачкы Азия чемпиону аталып, 70 миң доллар менен сыйланат. Күмүш байге үчүн 45 миң доллар, үчүнчү орунга 35 миң доллары ыйгарылат. (КМа)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG