Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:06

Индия өзөктүк дүрмөт алып жүрүүчү ракетасын сынады


Agni V ракетасынын мурдагы сыналышы. 19-апрель, 2012-жыл.
Agni V ракетасынын мурдагы сыналышы. 19-апрель, 2012-жыл.
Agni V ракетасы узак аралыкка учууга жөндөмдүү жана Европанын басымдуу бөлүгү менен Кытай борбору Бээжинге чейин жете алат. Анын сыналышы менен Индия континенттер аралык баллистикалык ракета жасоо баскычына дагы бир кадам жакындады. Өлкөнүн ракета өндүрүшүн тейлеген мекемесинин өкүлү Рави Кумар Гуптанын айтымында, сыналган ракета мерчемделген бутага сокку ура алды.

Нью-Дели ракета өндүрүшүн өркүндөтүүгө бир чети коңшу Кытайдын аскерий кубаты артышынан, экинчи чети Пакистандын өзөктүк арсеналы менен ракеталарынын саны өсүшүнөн улам да барууда.

Agni ракетасынын буга чейин сыналган үлгүлөрү Пакистанга жана Батыш Кытайга жете алчу. (UE)

XS
SM
MD
LG