Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:28

БУУ Сирия боюнча резолюцияны ушул аптада карайт


Бул тууралуу Франциянын президенти Франсуа Олланд жекшембиде ТF1 телеканалына маегинде билдирди. Ал Сириядагы химиялык куралды жок кылуу боюнча орус-америкалык макулдашуусун маанилүү кадам атап, бирок ал маселени толугу менен чече албастыгын кошумчалады. Олланддын айтымында, БУУ Сирияга аскерий сокку уруу боюнча планды четке какпай, келишимдеги милдеттемени аткарбаса, аны колдонуу керек.

Ал ортодо бир катар өлкөлөр Сириянын химиялык куралын эл аралык көзөмөлгө берүү боюнча Орусия менен АКШ келишимин жактап чыгышты. Бул келишимге ылайык, Дамаск химиялык куралынын толук тизмесин бир апта ичинде бериши, өлкөгө ноябрдан кечикпей курал инспекторлорунун барышы, ал эми 2014-жылдын ортосуна чейин Сириянын химиялык куралы жок кылынуусу керек. Бул макулдашууну Кытай Сириядагы кризисти жөнгө салууга жардам берет жана бул өлкөдөгү химиялык куралдануу боюнча маселеге чекит коет деген ишенимин билдирди. Израил болсо макулдашуу өз максатына жетээрине ишенимин шардана кылды. Араб өлкөлөр лигасынын баш катчысы Набил ал- Араби Сириядагы чатактын чечилишине бир кадам жакындатты деп сыпаттады.

Расмий Дамаск бул макулдашууну согушту токтотуу үчүн Сириянын жеңиши деп атады. Бирок Сирия оппозициясы АКШ-Орусия макулдашуусун четке кагып, президент Башар Асаддын убадаларына ишенбей турганын жана бул режимди кулатуу үчүн күрөшүн улантарын айтып чыкты.

XS
SM
MD
LG