Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:37

Экологияга арналган эл аралык конференция өтөт


Бүгүн Ысык-Көлдө “Тоо чакырыктары: жаратылыш кырсыктары, климаттын өзгөрүүсү, тоолуу райондордогу суу” аттуу эл аралык конференция башталат. Конференциянын демилгечилеринин бири Жогорку Кеңеш депутаты Каныбек Иманалиевдин кабарлашынча, анда кооптуу жаратылыш кырсыктары, тоолуу аймактардагы климаттык өзгөрүүлөр талкууланат. Эл аралык конференцияга Казакстан, Орусия, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Армения сыяктуу 23 өлкөдөн келген 160 эксперттин катышуусу күтүлүүдө. Талкуу жыйынтыгында тоо коркунучтары боюнча жаңыча мамиле жасоонун долбоору иштелип чыгат. Конференция 19-сентябрга чейин уланат.(BkA)

XS
SM
MD
LG