Москвадагы Большой театрдын көркөм жетекчиси Сергей Филин ишке чыгат. Бул тууралуу 42 жаштагы бийчи узакка созулган Германиядагы дарылануусунан соң өткөн ишембиде билдирди. Филинге бул өлкөдө 22 жолу операция жасалган.
Большой театрдын көркөм жетекчиси Сергей Филиндин бетине 17-январда, өз үйүнүн жанынан белгисиз адамдар кислота чачып кеткен. Бул кылмышка шектүү катары театрдын солисти Павел Дмитриченко жана дагы эки адам кармалган болчу.