Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:08

Асанбек Стамовдун китеп-сүрөт көргөзмөсү өтөт


Бишкектеги Улуттук китепканада жазуучу Асанбек Стамовдун 75 жылдыгына арналган “Көркөм адабий дүйнөнүн даанышманы” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү өтөт. 17-сентябрга белгиленген иш-чара тууралуу китепкананын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Көргөзмөгө мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, Жогорку Кеңештин депутаттары, акын-жазуучулар, маданият кызматкерлери, студенттер жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышат.

Асанбек Стамов 1938-жылы Москва районундагы Мураке айылында туулган. Партиялык жумуштардан сырткары, Кыргызстан жазуучулар союзунда, “Кыргызстан” басмаканасында эмгектенген. “Учкун” концернин жана “Чалкан” журналын да жетектеген. “Ленин комсомолу” сыйлыгынын ээси, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер.

Анын “Жаңы тууган”, “Чүй баяны”, “Кышында чардаган бакалар же кызыл гүл баяны” аттуу повесттери, “Бишкек баатыр”, “Хан Тейиш” аттуу тарыхый романдары белгилүү. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG