Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:03

Озон катмарын коргоо боюнча акция өтүүдө


Бишкекте озон катмарын коргоо боюнча мектеп окуучуларынын, студенттердин жана мугалимдердин арасында акция жүрүп жатат. Аны Кыргызстан Озон борбору уюштурган.

Аталган борбордон “Азаттыкка” маалымдашкандай, бүгүн башталган иш-чаранын алкагында мектеп окуучуларына, студенттерге озон катмарын коргоого багытталган интерактивдүү сабактар, көнүгүүлөр окутулууда. Мугалимдерге бул темада усулдук өнөрлөр үйрөтүлүп жатат. Адистер акцияны мектептерге жана окуу жайларга барып, өткөрүшүүдө. Ушундай эле иш-чара 18-сентябрь күнү Ош шаарында уланат.

Бириккен улуттар уюмунун Башкы ассамблеясы 1994-жылы 16-сентбярды Озон катмарын коргоонун эл аралык күнү деп жарыялаган.

Озон катмары жерди ультракөгүлжүм нурлардан сактайт. Ал жерден 20-60 км. бийиктикте жайгашкан. Окумуштуулардын иликтөөлөрү боюнча болжол менен жерди 5 миллиард тонна озон курчап турат. Озонду талкалоочулар болуп галогендерди кармоочу газдар – фтор, хлор, бром, йод сыяктуу заттар эсептелет.

Хлордук жана фтордук углеводдор аба катмарында 70-100 жыл жашап, озондун молекулаларын жок кылгандыктан анда тешик пайда болуусу мүмкүн. Эгер озон тешиги пайда болсо, ал аркылуу жерге өткөн ультракөгүлжүм нурлар жердеги жандыктарды, анын ичинде адамды да өлүмгө дуушар кылат. (SE)

XS
SM
MD
LG