Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:35

Кадамжайда достук майрамы өтөт


«Биз достуктун үрөөнүн себебиз» деген иш-чара Кадамжай районунун Үч-Коргон айылында 23-сентябрда өтмөкчү. Аны уюштуруп жаткандардын бири, жазуучу Мырзахалим Каримовдун “Азаттыкка” билдиришинче, достук майрамы тажик адабиятынын көрүнүктүү өкүлү Садриддин Айнинин 135 жылдыгы жана кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына арналмакчы.

Тажиктер өтө тыгыз отурукташкан аймактардын бири деп саналган Үч-Коргондогу майрамда бул айылдагы бүт улуттардын өкүлдөрү чакырылып, мектеп окуучулары ар кыл улуттардын ыр-күү, бийлерин аткарышат. Иш-чара Кадамжай райондук бийлигинин колдоосу менен өтөт.

Үч-Коргондогу «Кыргыз тили жана кыргыз-тажик адабият борборунун» негиздөөчүсү Мирзахалим Каримов кыргыз тилиндеги «Үч-Коргондун тажиктери» деген очерктин, «Кыя жолдор», «Зындан» повесттеринин автору, тажик тилинен мыкты повесть, аңгемелердин классикалык жыйнагын кыргызчага которгон.

22 миңдей киши жашаган Үч-Коргон айылынан 40тан ашуун илимдин кандидаттары, алардын ичинде Кыргыз улуттук гемотология борборунун директору, гемотология илиминин доктору профессор Абдухалим Раимжанов чыккан. (JCh/BAz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG