Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:36

“Тоо чакырыктары-2013” конференциясы өтүүдө


Парламентте бүгүн «Тоо чакырыктары - 2013: жаратылыш кырсыктары, климаттын өзгөрүүсү, тоолуу райондогу суу» аттуу эл аралык конференция башталды. Жаратылыш кырсыктарынын, климаттык өзгөрүүлөрдүн себептерин талкуулоого арналган иш-чараны Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитети менен “Адыгене” фонду уюштурган.

Конференцияга Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Армения, Түркия, Улуу Британия, Германия, АКШ, Канада, Финляндия, Чехия, Ооганстан, Пакистан, Бутан, Непал, Индия мамлекеттеринен 160 эксперт чакырылган.

Адистер табигый кубулуштар, тобокелчиликке баа берүү усулу жана аларды азайтуу мүмкүнчүлүгү, климаттык өзгөрүүлөргө көнүшүү маселелери боюнча пикир алышат.

Конференция 18-сентябрга чейин уланат. Ага БУУнун Өнүктүрүү программасы менен Норвегия токой фонду каржылык көмөк көрсөтүүдө. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG