Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:21

БУУнун Сирия боюнча резолюциясы Батышта колдоо тапты


Сириянын химиялык куралдарын жок кылуунун так шарттарын камтыган Бириккен улуттар уюмунун резолюциясын колдогон бирдиктүү чечимин Франция, Улуу Британия жана АКШ билдирди.

Бул тууралуу аты аталган үч өлкөнүн тышкы иштер министрлери Парижде өткөн жолугуудан кийин Франциянын президенти Франсуа Олланддын канцеляриясы маалымдады.

Париждеги сүйлөшүүлөр өткөн жумада Женевада өткөн, орус тышкы иштер министри Сергей Лавров жана АКШнын мамкатчысы Жон Керри жетишкен келишимге ылайык өттү. Тараптар Сириянын химиялык куралдарын эффективдүү көзөмөлгө алууну бирдиктүү чечишти. Бул кадам Сирияга аскердик соккуну болтурбоого жол ачат деген үмүттөр айтылды.

Бүгүн Бириккен улуттар уюмунун төрагасы Пан Ги Мун 21-августта Дамасктын четиндеги химиялык чабуулдан кийинки кесепеттери тууралуу адистердин доклады менен сөз сүйлөйт. (BAz)

XS
SM
MD
LG