Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:49

БУУ: Сирияда химиялык курал колдонулган


Бириккен улуттар уюмунун инспекторлору Сирияда 21-августта жайкын тургундарга каршы химиялык курал колдонулганы аныкталганын жарыя кылды. Муну Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин жабык жыйынындагы докладында уюмдун Баш катчысы Пан Ги Мун тастыктады. Ал өз сөзүндө мындай куралдын колдонулушун согуштук кылмыш деп атап, эл аралык укукту бузуу катары баалады.

Химиялык курал боюнча адистер химиялык жана медициналык далилдерге таянып, нервге зыян келтирчү зарин заты Гута жана Дамаск аймактарында 21-августта ракетадан атылганын билдиришкен. Эксперттер химиялык куралды кайсы тарап колдонгонун аныктоого укугу жок болчу. Бирок бул корутунду Сириянын химиялык куралын жок кылуу боюнча АКШ-Орусия макулдашуусуна таасирин тийгизет деп күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG