Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:48

Токмокто жарандык активисттер ачкачылык жарыялады


Дүйшөмбүдөн тарта «Кыргызстан жаштар кеңеши» уюмунун мүчөлөрү Жеңиш Молдокматов жана Акыл Калматов ачкачылык жарыялашты. Алар апрель окуясынын учурунда ок жеп, алган жараатынан улам каза болгон Токмоктун тургуну Чыңгыз Султановдун үй-бүлөсүн тиешелүү камкордукка алууну талап кылышууда.

Молдокматовдун “Азаттыкка” билдиришинче, тополоңдо жараат алган 33 жаштагы Султанов 2011-жылы каза болгон. Бирок анын үй-бүлөсүнө мамлекет тарабынан эч кандай жардам көрсөтүлбөй, энеси жана кызы учурда аянычтуу шартта жашап атышат. Активисттер ачкачылык акциясы аркылуу бийликтин көңүл бурушун максат кылууда.(BkA)

XS
SM
MD
LG