Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:01

Беларус: жарандык активисттер айыпка жыгылды


Беларуста түрмөдө белгисиз жагдайда каза болгон адамды эскерүү иш-чарасын уюштурган төрт активистти Минск соту 500 миң рубл айыпка жыкты. Активисттер өткөн ишембиде, Минсктеги тергөө абактарынын биринде эскерүү иш-чарасын өткөргөнү үчүн кармалышкан.

Бул тергөө абагында август айында айдоочулук күбөлүксүз унаа башкарганы үчүн үч айга камалган Игор Птишкин аттуу жаран каза болгон эле. Тергөө абагынын жетекчилиги анын жүрөгү кармап, каза болгонун билдирген. Бирок мындай версияга анын жакындары ишенбей, ур-токмоктон улам каза болгонун айтып келишет.

XS
SM
MD
LG