Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:30

Бүгүн ажылык сапар башталат


Бүгүн ажылык сапарга аттанган кыргызстандыктардын алгачкы тобу Сауд Арабиясына жөнөп кетет. Муфтияттан кабарлашкандай, алгачкы топто 196 адам бар. Зыяратчыларды “КыргызТрансАвиа” компаниясынын учактары ташыйт.

Быйыл ажылык сапар үчүн Сауд Арабиясы Кыргызстанга 3 600 орун бөлгөн. Бул жылдагыга караганда 900гө аз. Саудия муну Меке шаарында ири курулуш иштери жүрүп жаткандыктан, дүйнө боюнча ажылардын санын 20 пайызга кыскартканы менен түшүндүргөн. Ажылыктын быйылкы баасы муфтият тарабынан 2300 доллар деп чечилген.

Кыргызстандан ажылыкка барчулар үчүн 21 каттам белгиленген. Ажылык амалдар Курман айт майрамы учурунда Сауд Арабиянын Меке жана Медина шаарларында аткарылат. Курман айт 15-октябрга белгиленген. (BkA\SE)

XS
SM
MD
LG