Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:44

Бакыт Тагаевдин үй-бүлөсүнө жардам берилди


Өзбек чек арачыларынын огунан мерт болгон Бакыт Тагаевдин үй-бүлөсүнө жардам берилди. Баткен облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Жеӊиш Разаков өкмөт тарабынан берилген 300 миӊ сомду Тагаевдин үй-бүлөсүнө тапшырды. Жолугушуу учурунда маркумдун жакындары Тагаевдин артында калган балдарына Марказ айыл округунун аймагынан жер берилсе деген өтүнүч менен кайрылышты.

Ушул жылдын 19-июнунда Баткендин Гүлпиян айылында Өзбекстандын чек арачылары 37 жаштагы Бакыт Тагаевди атып өлтүргөн. Артында беш баласы жетим калган. Буга байланыштуу Кыргызстан Өзбекстанга нааразылык нотасын жолдогон. Бирок өзбек тарап кыргыз жараны чек арадан мыйзамсыз өткөнү үчүн ок чыгарылганын билдирген.(JsA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG