Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:37

Исабек Исаковго арналган көргөзмө болот


Эртең 19-сентябрда журналист, акын, балдар жазуучусу Исабек Исаковдун 80 жылдык мааракесине арналган китеп жана сүрөт көргөзмөсү болот.

«Кайратка бек кайталангыс жылдарым, өзүң болуп өлбөс жакын ырларым» деген аталыштагы иш-чара Улуттук китепканада өтөт. Көргөзмө учурунда Исаковдун “Асыл жарга” аттуу жаңы китебинин бет ачары да болот. Бул тууралуу китепкананын басма сөз кызматынан билдиришти.

Исабек Исаков 1933-жылы 1-сентябрда Кочкор районундагы Теңдик совхозунда туулган. Балдарга арналган ырлары жана жыйнактары казак, өзбек, түркмөн, орус, белорус, украин, каракалпак, азербайжан тилдерине которулган. Бир катар чет элдик жазуучулардын чыгармаларын да кыргызчалаган.

Исакбек Исаков көзү тирүүсүндө Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, «Эл агартуунун отличниги» жана Тоголок Молдо атындагы адабий сыйлыктын ээси наамдарын алган. (SE)

XS
SM
MD
LG