Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:04

Турсунбек Акун ачкачылыгын улантууда


Турсунбек Акун акыйкатчынын иш бөлмөсүндө ачкачылык акциясын улантууда. Ал бир суткадан бери суу гана ичип жатканын бүгүн “Азаттыкка” айтты. Ден соолугу дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Акун нааразылык акциясын 16-сентябрь күнү саат 11де баштаган. Ал өзүн "мыйзамсыз жумуштан бошотулдум",- деп эсептейт жана Батукаевдин бошотулушуна тиешеси бар делген бардык чиновниктердин 20-сентябрга чейин жумуштан кетишин жана парламенттин тарашын талап кылып жатат. Талаптары аткарылбаса ачкачылыкты Ак үйдүн алдында улантаарын белгилеген.

Турсунбек Акун Батукаевдин бошотулушуна Зарылбек Рысалиев, Аида Салянова жана Бусурманкул Табалдиевдин тиешеси бар деп эсептээрин айтып келет.

Парламент криминалдык чөйрөнүн "лөгү" делген Азиз Батукаевдин абактан эртелей бошонуп кетишине байлап, жайкы эс алууга кетээр алдында Турсунбек Акунду кызматтан алуу тууралуу чечим чыгарган. Бул үчүн Акун Жогорку Кеңешти сотко да берген. Акыйкатчыны шайлоо ушул айда болот, ага 50дөн ашуун талапкер катталган. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG