Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:03

Нарын шаарынын 145 жылдыгы белгиленүүдө


Бүгүн Нарын шаарынын негизделгенинин 145 жылдыгы белгиленүүдө. Майрамдык иш-чаралар облустук драма театрдын имаратында башталды. Ошондой эле бүгүн шаардагы жаңы реконструкцияланган эс алуу багына Жамин Акималиевдин аты берилип, ачылышы да пландалган. Элдик сейилдөөлөр күн бою уланат. Кечке жуук Теңир-Тоо аянтында концерттик программа тартууланат. Уюштуруу иштерине 500 миң сомдой акча сарпталган.

Иш-чарага парламенттен депутаттар, өкмөт өкүлдөрү да катышууда.

Нарын шаары облустагы калк жыш жайгашкан аймак болуп эсептелет. Тарыхый булактарда шаардын аймагы байыркы таш доорунан бери эле адамзат жашаган жер экени жазылган. Облустагы Ала-Мышык археологиялык эстелик жайларында байыркы кишилердин калтырган таш куралдары табылган.

Тарыхчылардын маалыматына таяна турган болсок, 1868-жылы орусиялык аскерлер Түндүк Кыргызстанды басып алганда, Нарында да атайын аскердик бекемделген жайды негиздешкен. Акырындап ал жай ири кыштакка жана шаарчага айланган. (SE\TSh)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG