Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:32

“Макмалалтындын” кызматкерине кылмыш иши козголду


“Макмалалтын” комбинатынын борбордук кампасынын жетекчисине кылмыш иши козголду. Ж.М. аттуу жаран ири өлчөмдөгү кымбат баалуу буюмдарды кымырып алган деп күнөөлөнүүдө. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 304 - беренеси (кызматынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча айып тагылууда. Тергөө амалдарын Жалал-Абад облустук жана Тогуз-Торо райондук прокуратуралары жүргүзүп жатат.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришкендей, кармалган жаран 2012-2013-жылдары кызмат абалынан пайдаланып, ишканага 10 миллион 810 миң сомдук зыян келтиргени аныкталган.

Тогуз-Тородогу "Макмалалтын" комбинаты "Кыргызалтын" ишканасынын курамына кирет. Анын акциялары мамлекетке тийиштүү. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG