Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:07

Super.kg сайты улут аралык кастыкты козутууга шектелүүдө


Буга улут аралык чыр-чатакты от алдырууга ыктаган тасманын сайтка жайгаштырылганы себеп болгонун "Азаттыкка" бүгүн ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты. Учурда министрликтин онунчу бөлүмү тарабынан текшерүү жүрүп жатат.

Өзбек улутундагы жигиттер эки кыргыз баланы мазактап жаткан учуру түшүрүлгөн бул тасма аталган сайтка порталдын кызматкери тарабынан жүктөлгөнү аныкталган. Милициянын маалыматы боюнча, тасма үч жыл мурунку июнь калабасы учурунда тартылган. Бирок окуя кайсы жерде болгону азырынча белгисиз.

Сайтка али кылмыш иши козголо элек, бирок териштирүү амалдары жүрүүдө. Super.kg порталынын жетекчилиги окуя тууралуу кийинчерээк комментарий берилээрин билдирди. Тасма азыр сайттан өчүрүлгөн. (SE)

XS
SM
MD
LG