Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:08

Турсунбек Акундун тарапкерлери жыйын өткөрдү


“Демократиялык күчтөрдүн форуму” деп аталган жыйын бүгүн Акыйкатчы институтунун имаратында өткөнүн анын уюштуруучуларынын бири Бейшенбек Абдыразаков “Азаттыкка” билдирди. Ага жетимиштей адам катышканы айтылууда. Жыйында 7 пункттан турган резолюция кабыл алынып, президентке, өкмөткө жана Жогорку Кеңешке жөнөтүлмөй болду.

Резолюцияга ылайык, мөөнөтүнөн мурда кызматтан кеткен Турсунбек Акундун иши кайрадан каралып, соттук териштирүүлөр аягына чыкмайынча омбудсмендин ордуна шайлоо болбошу керек.

Жыйынга катышкандар Акундун күнөөсү жок экенин айтышууда. Алар Батукаевдин түрмөдөн бошоп кетишине тиешеси бар делген жогорку кызматтагы адамдар 20-сентябрга чейин жоопко тартылышын, бул талаптар аткарылбаса өкмөт башчынын кызматтан кетишин талап кылышууда.

Ушундай эле талап менен Акун 16-сентябрда мөөнөтсүз ачкачылык жарыялаган. (SE)

XS
SM
MD
LG