Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:35

БУУ Ооганстанда адам укуктары начарлап кеткенине тынчсызданды


Улуттар уюмунун Ооганстанда иш сапары менен жүргөн Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Нави Пиллайдын айтымында, аны менен жолуккан жарандык активисттер акыркы он эки жылдагы жетишкендиктердин артка кетүү тобокелчилиги бардыгын билдиришкен.

Пиллай белгилегендей, ага адам укуктары, өзгөчө аялдар укуктары жаман жакты көздөй чукул бурулганынын далилдерин көргөзүштү.

БУУнун жогорку комиссары бүгүн Кабулдагы басма сөз жыйында:

- Мен президентти жана өкмөттү адам укуктарынын акыркы он эки жылдагы жетишкендиктери шайлоо алдындагы саналуу ай алдында саясий максатта курмандыкка чалынып кетпеши үчүн кошумча чараларды көрүүгө чакырдым.

Ооганстанда президенттик шайлоо келерки жылы болот. Келерки жылы коопсуздук үчүн жоопкерчилик да толук оогандардын өз колуна өтүп, АКШ баштаган эл аралык күчтөр да өлкөдөн чыгуусун аяктоосу керек. (UE)

XS
SM
MD
LG