Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:01

“Фридом Хаус” депутаттарды сындады


“Фридом Хаус” уюму Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан бейөкмөт уюмдар боюнча сунушталган мыйзам долбооруна кабатырлануусун билдирди. Ошондой эле Орусиянын мыйзамын көчүрүп алууну туура эмес деп баалады. Уюмдун өкүлдөрү бул мыйзам долбоору кабыл алынса, мамлекеттик эмес уюмдардын ишмердүүлүгү чектелет деген ойду айтууда.

Өткөн жумада “Ар-намыс” фракциясынын депутаттары Турсунбай Бакир уулу менен Нуркамил Мадалиев саясий ишмердүүлүк менен алектенген бейөкмөт уюмдарды чет элдик тыңчы деп табуу боюнча мыйзам долбоорун сунушташкан.
Бакир уулу мыйзам долбоору Орусияныкынан көчүрүлгөнүн, бир аз өзгөртүү киргенин айткан. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG