Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:24

Еврошаркет Кыргызстанда таза шайлоону колдоо боюнча долбоор баштайт


Алмазбек Атамбаев Европарламенттин төрагасы Мартин Шульц менен жолугууда, 17-сентябрь, 2013-жыл

Алмазбек Атамбаев Европарламенттин төрагасы Мартин Шульц менен жолугууда, 17-сентябрь, 2013-жыл

Президент Алмазбек Атамбаев бул тууралуу бүгүн Брюсселде Еврокомиссиянын төрөгасы Жозе Мануэль Баррозу менен кездешкен соң билдирди:

- Еврошаркет тарабынан Кыргызстанда таза шайлоону колдоо боюнча жаңы долбоор башталган жатат. Мен бул маселеде колдоо таптым.

Ал эми Еврокомиссиянын төрагасы Жозе Мануэль Баррозу кыргыз президенти менен бирге өткөрүлгөн басма сөз жыйында:

-Кыргызстан мыйзам үстөмдүгүн камсыздоо, адам укуктарын коргоо, улут аралык элдешүүгө колдоо көргөзүү жагынан али олуттуу көйгөйлөргө кептелүүдө. Андыктан Кыргызстандын өнөктөштөрү өлкөдө демократияны чыңдоону, социалдык-экономикалык реформаларды колдогону маанилүү.

Баррозо кошумчалагандай, макроэкономиканы колдоо үчүн 30 миллион евро Кыргызстанга жакында берилет. Мындан тышкары 13,5 миллион евро мыйзам үстөмдүгүн колдоо үчүн бөлүнмөкчү.

Кыргызстан менен Еврошаркет ортосунда мыйзам үстөмдүгүн колдоо боюнча макулдашууга бүгүн кол коюлду.

Президент Атамбаев Брюсселде Еврошаркеттин президенти Херман ван Ромпей, Европарламенттин төрөгасы Мартин Шульц менен кездешти.

Кыргыз президентинин айтымында, Европарламент Кыргызстанга өз эксперттик тобун жиберет. Ал топ Кыргызстандагы кийинки шайлоолордун таза өтүшү үчүн даярдыктардын планын түзүшмөкчү.

Кыргыз президентинин Брюсселдеги сапары бүгүн башталды. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG