Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:53

Ооган президенти АКШ менен коопсуздук келишимин түзүүгө ашыкпайт


Хамид Карзай бул тууралуу бүгүн Кабулда студенттер менен жолугушууда айтты:

- Эгер америкалыктар бизге кепилдик бербесе, биз муну октябрга чейин сураганбыз, биз келишим түзбөйбүз. Алар кийинки өкмөттү күтүшөт. Келишимге кол коюу мага зарыл эмес, шайлоодон кийинки президент кол койот.

Карзай кошумчалагандай, алар АКШдан сураган кепилдиктер коопсуздукту камсыздоо, Ооганстандын коопсуздук күчтөрүн кармоо, өлкөнүн экономикасын чыңдоо жана улуттук биримдигин урматтоо маселелерин камтыйт.

Ал келишимде келерки жылы НАТО аскерлери чыгарылып кеткенден кийин АКШнын Ооганстанда калуучу күчтөрүнүн макамы аныкталуусу да абзел.

Маалыматтарга караганда, Вашингтон Кабул менен ал документке октябрь айында кол коюуга жетишүүнү көздөөдө. Тараптар бул келишимдин долбоорун былтыр октябрдан бери талкуулап жатышат.

Ооганстанда президенттик шайлоо келерки жылы болот. Келерки жылы ошондой эле коопсуздук үчүн жоопкерчилик да толук оогандардын өз колуна өтүп, АКШ баштаган эл аралык күчтөр да өлкөдөн чыгуусун аяктоосу мерчемделген. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG