Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:58

Расмуссен: Кыргызстан НАТО үчүн баалуу өнөктөш


НАТОнун башкы катчысы Андерс Фог Расмуссен бул тууралуу бүгүн Брюсселде кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев менен жолуккандан кийинки басма сөз жыйында айтты:

- Кыргызстан НАТО үчүн баалуу өнөктөш. Биз силердин диалогго, кызматташтыкка, өлкөңөрдүн демократиялык институттарын өнүктүрүүгө дилгирлигиңерди баалайбыз. Биздин кызматташтык жалпы баалуулуктарга жана демократиялык прициптерге негизделген.

Андерс Фог Расмуссен акыркы он жылдыкта Кыргызстан НАТОнун жабдууларынын транзитин жеңилдетүү менен Ооганстанда коопсуздукту жана стабилдүүлүктү орнотууга салым кошконун кошумчалады.

Расмуссендин айтымында, Ооганстандан чыгып жаткан маңзаттардын агымына каршы туруу анын коңшулары үчүн олуттуу көйгөй бойдон калып жатат. Мындан улам НАТО Ооганстандын жана анын айланасындагы өлкөлөрдүн маңзаттарга каршы күрөшүү кызматтарынын өкүлдөрүн окутуп, машыктырууга жардам берүүдө. (UE)

XS
SM
MD
LG