Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:48

АКШ: деңиз базасында ок атуудан соң коопсуздук күчөтүлөт


АКШнын Аскер-деңиз командачылыгы Вашингтон деңиз базасындагы 12 адамдын өмүрүн алган ок атышуудан соң бардык аскерий объекттердеги коопсуздукту күчөтүүнү буюрду.

Ага чейин дүйшөмбүдө бул командалык борборго 34 жаштагы Аарон Алексис аттуу адам куралчан келип, он эки адамды атып салган. Алексис кийин полиция менен атышууда мерт болгон. Кийинчерээк бул адамдын жин оорусунан дарыланганы дайын болгон. ФБРдин маалыматы боюнча, Аарон Алексис бул жайда иштеп жүргөн.

Мындан улам аскер-деңиз күчтөрүнүн мурдагы резервисти, жин оорусунан запкы чеккен адамдын аскерий жайда иштеп жүргөнү көпчүлүктө суроо жаратууда. Тергөөчүлөр учурда кылмышка түрткү берген жагдайларды иликтөөдө.

XS
SM
MD
LG