Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:14

Ооганстан: аял полициянын өлүмү боюнча беш адам кармалды


Ооганстандын түштүгүндөгү Гилменд провинциясында өлтүрүлгөн жогорку кызматты ээлеген аял полициячынын өлүмүнө шектелип беш адам кармалды. Бул тууралуу Гилмент провинциясынын бийликтери кабарлашты.

Полиция офицери Нигярды жекшемби күнү, Лашкар Гах шаарынын полиция бөлүмүнүн жанынан мотоцикл минген кылмышкер аткан. Тергөөчү болуп жети жыл иштеген Нигяр айым дүйшөмбү күнү таңга жуук ооруканада үзүлгөн. Ал Гилменд провинциясындагы эң жогорку кызматты ээлеген айымдардын бири болчу. Ага чейин да бул кызматты ээлеген аялды атып кетишкен.

XS
SM
MD
LG