Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:15

Талас: кулгунага карата карантин алынат


Таластын Бакай-Ата районундагы Ынтымак айылында сибир кулгунасына байланыштуу малга жарыяланган карантин бүгүн алынат. Бул тууралуу өкмөт алдындагы санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын төрага орун басары Жаныбек Султанов кабарлады.

Анын айтымында, аталган айылдагы мал эмдөөдөн өткөрүлдү. Учурда коркунучтуу абал жок. Ал эми сибир кулгунасы менен ылаңдаган уйдун этин жеп, бул илдетти жугузуп алган эки адам жана алар менен карым-катнашта болгон 7 киши облустук ооруканада дарыланууда.

Сибир кулгунасы Бакай-Ата районундагы Ынтымак айылында 2-сентябрда катталган. Ылаңдаган малдын этин жеген 9 адам ооруканага жаткырылып, алардын экөө бул дартты жуктуруп алганы аныкталган. Буга байланыштуу 6-сентябрдан тарта аталган айылда карантин жарыяланып, мал жана малдын этин, сүттү ташып чыгууга тыюу салынган.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG