Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:14

Сирия: БУУ Коопсуздук кеңеш мүчөлөрү мунаса таба алган жок


Бириккен Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрү
шейшембидеги жыйында Сириянын химиялык куралын жок кылуу резолюциясынын долбоору боюнча бир пикирге келе алышкан жок.

АКШ менен Орусия биргелишип иштеп чыккан план Сириянын химиялык куралын бир жыл ичинде жок кылууну карап, бул өлкөдөгү кризистин чечилишине олутуу кадам болот күтүлүп жаткан. Бирок АКШ, Франция жана Улуу Британиянын дипломаттары Сирия режими бул пландагы милдеттенмелерди аткарбаса, аскердик кийлигишүү керек десе, Орусия күч колдонууга каршы чыгып жатат. Андан мурда, шейшембиде да, Москвада Орусия жана Франция тышкы иштер министрлеринин Сирия боюнча пикири эки ача чыккан эле.

Сергей Лавров Сирия борбору Дамасктын жанында өткөн айда болгон химиялык чабуулду “чагым” деп атоого олуттуу негиздер бар болгонун айтса, Лорент Фабиус Франция ал чабуулга Сирия өкмөтү жоопкер деп эсептерин билдирген. БУУнун Коопсуздук кеңешине АКШ, Франция, Улуу Британия, Орусия жана Кытай туруктуу мүчө.

XS
SM
MD
LG