Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:02

Ошто уюшкан кылмыштуу топтун эки мүчөсү кармалды


Ошто уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү делген эки адам кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалды. Алардын бири Камчы Көлбаевдин, бири Быдыев деген фамилия менен белгилүү кылмыштуу топ башчысынын жигиттери экени кабарланууда.

Кармалгандар 14-16-сентябрь күндөрү өткөн “Бороон” операциясынын алкагында бири Өзгөн, бири Кара-Суу районунан колго түшкөн. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин Ош облусу жана шаары боюнча башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Көлбаевдин тобуна мүчө делген жигиттен каттоо номуру өчүрүлгөн 9 калибрлүү тапанча алынган.

ИИМдин маалыматы боюнча, өлкөдө 4 уюшкан кылмыштуу топ бар. Быйылкы жылдын 8 айында алардын 89 мүчөсү кармалган. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG