Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:33

Казакстанда камалгандардын жакындары митингге чыкты


Караколдо митингге чыккандар Казакстандын чек арачылары тарабынан жайында колго түшүп, камалгандарды бошотууга өкмөттөн жардам сурашты. Эртең менен обладминистрациянын алдында өткөн нааразылык акциясынын катышуучулары менен вице-премьер-министр Токон Мамытов жолукту.

Камалгандардын жакындары Казакстан тарап талап кылып жаткан айып пулду төлөгөнгө чамалары жетпестигин белгилешүүдө. Алардын айтымында, коңшу өлкө кармалгандарды чыгаруу үчүн 300 миңден 500 миң теңгеге чейин айып пул сурап жатат.

Мамытов бул жаатта өкмөт тарабынан колдон келишинче чара көрүлүп жатканын айтып, иш коңшу өлкөнүн мыйзамдарынын негизинде каралаарын билдирди.
Топтолгондор түшкө жакын тарап кетти.

Июль айында казак чек арачылары эки өлкө ортосундагы Көк-Көл жайлоосунда ичкери кирип кеткен деп, сегиз малчыны кармаган. Кийинчерээк алардын экөө бошотулган. Жакындары камалган жарандар мал издеп жүргөн жеринен колго түшкөнүн билдиришкен. (MK)

XS
SM
MD
LG