Линктер

дүйшөмбү, 1-май, 2017 Бишкек убактысы 02:48

Милиция менен студенттер диний агымдарды талкуулады


Ош мамлекеттик университетинин Телогия факультети Ош облустук Ички иштер башкармалыгы менен биргеликте диний агымдардын ишмердүүлүгүнө арналган талкуу уюштурду. Иш-чара бүгүн экстремизм, терроризм жана түрдүү багыттагы диний агымдардын көбөйүшүн алдын алуу, алардын жайылышына бөгөт коюу максатында өттү.

Талкуу жаштардын агымдарга кирип кетүүсүнүн алдын алууга, салттуу ислам менен башка агымдардын айырмачылыктардын айырмалай билүүгө багытталганын аталган окуу жайдан маалымдашты. Мындай талкуулар ОшМУнун теология факультетинде окуу жылы бүткөнчө дагы үч-төрт жолу уюштурулмай болду. (EzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG