Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:18

Сирия өкмөтү Орусияга химиялык чабуул боюнча “жаңы далилдерди” берди


Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябаков бүгүн Дамаскта Сириянын тышкы иштер министри Валид ал-Муаллем менен кездешкен соң билдирди. Анын айтымында, Сирия өкмөтү берген жаңы материалдарда химиялык чабуулду козголоңчулар жасаганынын далилдери бар.

Орус тарап буга “олуттуу маани берүү менен иликтейт”, - деген Рябаков Москва БУУнун Сириядагы химиялык чабуул боюнча баяндамасына нааразы экендигин кошумчалап, аны “бир тараптуу, саясаятташкан жана калыс эмес” деп атады.

Батыш өлкөлөрү БУУ баяндамасы химиялык чабуулдун артында Сирия режими турганын көрсөттү деп эсептөөдө. Бирок Москва чабуулду Батыштын аскерий кийлигишүүсүнө жол ачууну көздөгөн “чагым” деп мүнөздөп, ал үчүн козголоңчуларды шек санап жатат.

21-августта Дамасктын жанындагы химиялык газ чабуулунан 1400дөн ашуун кишинин өмүрү кыйылган.

Бул аралыкта БУУнун Коопсуздук кеңешине мүчө беш өлкөнүн элчилери Сириянын химиялык куралын жок кылуу боюнча АКШ-Орусия планын ишке ашыруучу резолюция долбоорун талкуулашты. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG