Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:17

Атамбаев Белгиянын королу менен жолукту


Президент Алмазбек Атамбаевди бүгүн Белгиянын Королу Филипп расмий түрдө кабыл алды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти. Жолугушуу жүрүшүндө Кыргызстан-Белгия мамилелерин мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Шейшембиде кыргыз президенти Европарламенттин, Еврокеңештин, Еврокомиссиянын төрагалары, Евробиримдиктин тышкы саясат, коопсуздук боюнча жогорку өкүлү Кэтрин Эштон жана НАТОнун башкы катчысы Андерс Фог Расмуссен менен жолуккан. Анда бул уюм менен Кыргызстандын коопсуздук жаатындагы байланышы талкууланган. Жолугушууда Расмуссен акыркы он жылдыкта Кыргызстан НАТО жабдууларынын транзитин жеңилдетүү менен Ооганстанда коопсуздукту жана стабилдүүлүктү орнотууга салым кошконун билдирген.

Атамбаев Белгияга эки күндүк иш сапары менен 16-августта барган. Расмий сапар аяктаган соң Сочиге ЖККУнун саммитине жөнөп кетет.(SE)

XS
SM
MD
LG